АКӨФ кеңешинин жыйынында 2 долбоорду каржылоо жактырылды

Новости
31-Январь 2025-ж.
790

2025-жылдын 30-январында Баку шаарында (Азербайжан Республикасы), Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (АКӨФ) 4-жыйыны болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары – Санжар Болотов кыргыз тараптан Фонддун Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары катары катышты. Ошондой эле жыйында Кыргызстан жана Азербайжандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү болду.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып, бардык багыттар боюнча кеңейип жатканы, ошондой эле эки мамлекеттин башчылары тарабынан коюлган жогорку максаттар жана милдеттер бул кызматташтыктын маанилүү аспекти экени баса белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында Фонддун Инвестициялык саясаты жана анын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча башка документтер бекитилди. Ошондой эле эки долбоорду каржылоо жактырылды:

- 9 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтин курулушу;

- 300 жумушчу орду менен заманбап тигүү фабрикасынын курулушу.

Мындан тышкары, көп функционалдуу борбордун курулушун каржылоо концепциясы бекитилди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Фонддун артыкчылыктуу багыттарына ылайык келчү келечектүү долбоорлордун портфелин түзүү боюнча активдүү ишти улантуу боюнча тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 100 миллион АКШ долларын түзөт.

Онлайн кайрылуу