2025-жылдын 30-31-январында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда евразиялык интеграциянын алкагындагы кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеди. Делегациянын курамында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана министрдин орун басары Назарбек Малаев да катышты.
Жыйында каралган негизги маселелердин бири – ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде уюштурулган баалуу кагаздарын илгерилетүүгө жана жайгаштырууга транс чек аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууга кол коюу болду.
Бул Макулдашуу – Биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда бирдиктүү финансылык мейкиндикти түзүүгө багытталган маанилүү демилге. Документ бир өлкөнүн баалуу кагаздары эч кандай тоскоолдуксуз жана эркин түрдө ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдүн фондулук рынокторуна чыгып, уюшкан соода аянтчаларына кирүүсүн камсыз кылган механизмдерди жана шарттарды аныктайт.
Макулдашуунун негизги максаты – баалуу кагаздардын жүгүртүлүшү үчүн бирдиктүү экономикалык мейкиндикте эрежелерди жана стандарттарды шайкештештирүү. Бул каржылык рыноктордун интеграциясын бекемдеп, инвесторлор үчүн жеткиликтүүлүктү кеңейтип, финансылык инструменттердин ликвиддүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Жаңы эрежелердин киргизилиши бизнес жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын ишмердүүлүгүнүн горизонтторун кеңейтип, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын чыңдайт.
Мындан тышкары, Макулдашуу мүчө мамлекеттердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана каржылык рыноктордун катышуучулары үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Бул өз кезегинде инвестициялык климатты жакшыртууга жана Биримдиктин алкагында рыноктук экономиканын өнүгүшүн стимулдаштырууга жардам берет.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча:
- агроөнөр жай комплекси жана анын инфраструктурасы үчүн биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмдерин кеңейтүү маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмага;
- Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын электрондук соодасы жөнүндө буйрукка;
- ЕАЭБ алкагында негизги товарлар боюнча өзүнчө биржа көрсөткүчтөр системасын түзүү боюнча тапшырмага;
- 2025-жылдын 14-январындагы "Япониядан, Таиланд Королдугунан, Түркия Республикасынан жана Малайзиядан чыгарылган жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алынып келинүүчү куюлган алюминий дөңгөлөктүү дисктерге карата демпингге каршы алымдарды киргизүү аркылуу антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын №7 токтомуна өзгөртүү киргизүү чечимине;
- ЕАЭБ мүчө мамлекеттериндеги макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар тууралуу буйрукка;
- 2022-жылдын 26-августундагы №20 Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) буйругунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизүү тууралуу буйрукка;
- Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин Мүчөлүгүнө талапкерди Евразиялык жогорку экономикалык кеңешке сунуштоо жөнүндө буйрукка кол коюлду.