Чоро Сейитов «WorldSkills Kyrgyzstan» Экинчи улуттук чемпионатынын ачылышына катышты

Новости
31-Январь 2025-ж.
519

2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов «WorldSkills Kyrgyzstan» Экинчи улуттук чемпионатынын салтанаттуу ачылышына катышты. 

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, «WorldSkills» Коомдук фондунун өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, улуттук эксперттер, өнөктөштөр жана иш берүүчүлөр кесиптик билим берүү боюнча пикир алмашты.

 Бул улуттук чемпионат Кыргызстандагы кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат жана эл аралык WorldSkills кыймылынын алкагында өттү. Чемпионаттын негизги максаты – өлкөдөгү кесиптик даярдык жана квалификация стандарттарынын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле улуттук жана эл аралык чемпионаттарга катышуу аркылуу жумушчу кесиптерин даңазалоо.

Онлайн кайрылуу