2025-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүчү мыйзамдагы өзгөртүүлөр талкуулоо боюнча жыйын өттү.
Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын 1-башкармалыгынын начальниги, полковник Руслан Жумадилов жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев тарабынан берилген тапшырманы аткаруу максатында, УКМКнын өкүлдөрү күчүнө кирген « Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (336–348-беренелери) нормаларына ылайык:
1) Коррупциялык кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн айып пулдар толугу менен алып салынды.
3) Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын мамлекеттик кызматка кабыл алууга тыюу салынды.
4) Коррупциялык кылмыш жасаганын мойнуна алып, келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөн адам дагы тиешелүү берене боюнча жазаланат жана жаза мөөнөтү белгиленген минималдуу мөөнөттүн жарымынан аз болбойт.
Өлкө жетекчилиги тарабынан белгиленген коррупцияга каршы саясат бүгүнкү күндө көбүрөөк профилактикалык мүнөзгө ээ, биз коррупциянын кесепеттери менен гана иштебестен, анын алдын алуу боюнча кадамдарды жасап, ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Анткени бүгүнкү күндө коррупциялык көрүнүштөр үчүн жоопкерчиликти сиздин жетекчилериңиз гана эмес, ар бир адам жеке өзү да тартат. – деп министр Бакыт Сыдыков белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын өкүлдөрү мыйзамдын айрым жоболору боюнча кызматкерлердин суроолоруна жооп беришти. Иш-чараны жыйынтыктап жатып, министрлик ички саясаттан баштала турчу коррупциянын алдын алуу системасын куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындай саясат, министрден тартып кенже адистерге чейин кызматкерлер тарабынан ишинде жетекчиликке алынууга тийиш, ведомстводо Акыйкат башкаруу жана ак ниеттик Декларациясы түрүндө документтештирилген.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги коррупцияга каршы чараларды күчөтүү боюнча ишин мындан ары да улантат.