2025-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү Айнур Саманов менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясын чыңдоо боюнча негизги маселелер, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.
Тараптар өнөр жай боюнча жумушчу топтун жана өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында биргелешкен ишти активдештирүүнү макулдашып, 2025-жылы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өнөр жай кооперациясын чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү перспективасын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлор эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономика тармактарына алдыңкы технологияларды киргизүүгө негиз болоруна ишеним билдиришти.