Бакыт Сыдыков Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчиси менен экономикалык кызматташууну бекемдөөнү талкуулады

Новости
29-Январь 2025-ж.
638

2025-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Ниязходжаев менен жолугушту.

 Министр элчини маанилүү кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча ишенимин билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташуусунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты.

 Бакыт Сыдыков биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын эки өлкөнүн соода көлөмүн жогорулатууда жана биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашырууда негизги кыймылдаткыч күч боло аларын баса айтты.

 Өзбек тарап өз кезегинде экономикалык кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, соода мамилелерин өнүктүрүү, технологиялар боюнча тажрыйба алмашуу жана артыкчылыктуу тармактарга инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарын айтты. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган демилгелерди ишке ашыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы байланышты мындан ары бекемдөө боюнча иштерди улантуу макулдашылды. 

Онлайн кайрылуу