#МЭККР Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү трансформатордук подстанцияларды жана электр өткөрүү линияларын өндүрүү боюнча өзбек компаниясынын тажрыйбасын изилдеди

Новости
24-Январь 2025-ж.
242

2025-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн делегациясы Ташкент облусунун Чирчик шаарындагы «EКО PROM ENERGO» ЖЧКнын үч заводуна барды.

Компания ар кандай тармактар үчүн газ жана көмүр казандарын, трансформатордук көмөкчордондордун жана электр берүү чубалгыларын, тазалоочу курулмаларды өндүрүүгө адистешкен.

Иш сапардын жүрүшүндө соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жогорку технологиялык өндүрүштүк процесстер жана заводдор тарабынан чыгарылган сапаттуу продукциялар менен таанышышты. Компаниянын жетекчилиги энергия менен камсыздоо жана экологиялык коопсуздук жаатында өзүнүн инновациялык чечимдерин сунуштады.

Жолугушууда Кыргыз Республикасында биргелешкен ишкана түзүү жана филиалдарды/өкүлчүлүктөрдү ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды, бул өзбек компаниясынын жогорку кызыгуусун жаратты. 

Мындай кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет:

- жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү;

- жаңы жумуш орундарын түзүү;

- Кыргызстандын энергетика секторуна алдыңкы технологияларды киргизүү.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы инновациялык жана өз ара пайдалуу экономиканы өнүктүрүүгө багытталган экономикалык кызматташтыкты бекемдөөнүн дагы бир кадамы болуп саналат.


Онлайн кайрылуу