Химиялык чийки заттарды жана даяр продукцияны чыгаруу чөйрөсүндө өзбек жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча долбоор пландаштырылды

Новости
24-Январь 2025-ж.
214

2025-жылдын 23-январында Ташкент облусунун Ангрен шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү «Merit Chemicals» ЖЧК компаниясынын өндүрүштүк процесси менен таанышты.

«Merit Chemicals» ЖЧКсы ар кандай тармактарда колдонулуучу химиялык чийки затты жана даяр өнүмдөрдү чыгарууга адистешкен.

Өнүмдөрдүн негизги түрлөрүнүн арасында:

    - Полиэфир майлары жана полиэфир чайыры, алар ванна, канализация түтүктөрүн, сугат тутумдарын, авто тетиктердин компоненттерин жана башка буюмдарды өндүрүүдө колдонулат;

    - Акрил жана акрил чайыры боек өнөр жайында жана текстиль өнөр жайында сууну кетирүүчү эффектти түзүү үчүн негизги компонент катары колдонулат;

    - Өсүмдүк майларын чыпкалоодо кеңири колдонулуучу агартуучу чополор.

Жолугушуу учурунда Соода өкүлчүлүгү «Merit Chemicals» ЖЧКсы менен кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу долбоорун ишке ашыруу боюнча демилге көтөрдү. Компаниянын жетекчилиги бул багытта кызматташууга даяр экенин билдирди, бул Кыргызстандагы өндүрүшкө заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле компаниянын жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна кызыгуу көрсөтүп, ишкананын Кыргызстанда филиалын же өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды талкуулоону улантууну макулдашышты.

Онлайн кайрылуу