КР ЭКМ Президенттин автоунааларды легалдаштыруу боюнча Жарлыгынын аткарылышы жөнүндө

Новости
23-Январь 2025-ж.
322

Бүгүнкү күндө автоунааларды легалдаштыруу процессин жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкын кылуу механизмдерин жана инструменттерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, өз ишин баштады.

Бул арада КР ЭКМ автоунааларды легалдаштыруу тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынгандан кийин ишке ашырылаарын билдирет.

Эске сала кетсек, КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, КР Министрлер Кабинетине эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасына киргизилген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу тартибин жөнгө салуу жана этап-этабы менен легалдаштыруу процессин жүзөгө ашыруу тапшырылган:

1-этап - укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;

2-этап - укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;

3-этап - укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).

Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын андан ары тариздөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ:

- автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн;

- автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенме менен чет мамлекеттердин жарандарынын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарынын кирүү жана жүрүү мөөнөттөрүн контролдоо тартибин иштеп чыгууда.

Онлайн кайрылуу