Ачык диалог: экономика жана коммерция министринин орун басарынын бизнес коомчулук менен жолугушуусу

Новости
21-Январь 2025-ж.
97

Бүгүн, 21-январда, КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов бизнес өкүлдөрү менен ачык диалог форматында жолугушту. 

Иш-чара Кыргызстандагы Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аянтчасында өттү. Жолугушууга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Катышуучулар  электрондук жүк коштомолорун (ЭТТН) киргизүүнү; 

жеке ишкерлер (ЖИ) үчүн салык мыйзамдарын жөнөкөйлөтүүнү;

 салык реформаларынын келечеги жана чакырыктарын; 

бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракетин жакшыртууну; 

контролдук-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук эсеп-фактураларды жана коштомолорду (ЭЭФК) колдонууну талкуулашты. 

Электрондук инструменттерди киргизүү товар жүгүртүүнүн ачык-айкындыгын жогорулатууга, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө жана бизнеске административдик жүктү азайтууга өбөлгө түзөөрү баса белгиленди. 

Талкуу учурунда катышуучулар менчикти коргоо маселелерине тынчсыздануусун билдирип, #КРЭКМ бул багытта колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. 

Министрдин орун басары ишкерлердин укуктарын коргоо артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Катышуучулар документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана мамлекет менен бизнес ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча идеялар менен бөлүштү. 

Ачык диалог форматы ар бир катышуучуга өз сунуштарын жана демилгелерин айтууга мүмкүнчүлүк берип, натыйжалуу өз ара аракеттешүү үчүн маанилүү кадам болду. 

Онлайн кайрылуу