Кыргыз Республикасы менен Гонконгдун ортосундагы Кош салык салуудан качуу жөнүндө Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады

Новости
20-Январь 2025-ж.
57

2025-жылдын 15-17-январында #КРЭКМ Кыргыз Республикасы менен КЭР атайын административдик району Гонконг ортосундагы кош салык салуудан качуу жөнүндө Келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү.

 Негизги көңүл кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу маселелерине бурулду.

 Эки тараптуу талкуу ийгиликтүү жыйынтыкталып, документтин бардык негизги аспектилери макулдашылды. 

Кош салык салуудан качуу жөнүндө Келишим Кыргыз Республикасы менен Гонконгдун ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

 Ал чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, резиденттерди кош салык салуудан коргоого жана салык мамилелериндеги ачыктыкты жана калыстыкты бекемдөөгө багытталган. Документ салык мыйзамдарын кыянаттык менен пайдалануунун жана салык төлөөдөн качуунун алдын алууга жардам берүүчү жоболорду камтыйт. 

Ошондой эле ал эки тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну караштырып, бул өлкөлөр ортосундагы ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн деңгээлин жогорулатууга салым кошот. 

Онлайн кайрылуу