2025-жылдын 18-январында КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, орун басары Искендер Асылкулов менен Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана жеке секторду колдоо маселелерин талкуулады.
Министр бир катар өнөр жай объектилери барып, алардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты:
«Сан Планет» ЖЧКсы (Маловодное айылы, Сокулук району) Бакыт Сыдыков Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ильяз Ташкулов менен биргеликте мөмө-жемиш жана жашылча продукциясын кайра иштетип, Европа Биримдигине органикалык продукцияны экспорттоого адистешкен ишканага барды.
«Биовит» ЖЧКсы (Сокулук району) Бул фармацевтикалык ишкана дары-дармектерди жана биологиялык активдүү кошулмаларды өндүрөт.
КР Президентинин демилгеси менен ишке ашырылган "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында, 2024-жылдын 30-сентябрында инфузиялык эритмелерди, инъекцияларды жана көз тамчыларын өндүрүү башталган.
Министр өндүрүш процессин көрүп, завод жетекчилиги менен келечектеги пландарды талкуулады.
«Тулпар Моторс» (Москва району) Завод өлкөдө биринчи жолу автоунааларды жана автобустарды чыгарган ишкана.
Долбоор «UzAuto» ААК жана «ДТ-Техник» ЖЧКсы менен биргеликте ишке ашырылган. Завод ачылгандан бери General Motors компаниясынын SKD технологиясы боюнча 373 даана Chevrolet автоунаасы чогултулган.
«Юнайтед Конкрет Канвас» ЖЧКсы Бул ишкана Улуу Британиядагы «Concrete Canvas Ltd» компаниясынын жергиликтүү туунду компаниясы болуп, суу жоготууларын алдын алууга жана курулуш конструкцияларынын чыдамдуулугун жогорулатууга багытталган геосинтетикалык цемент маталарын чыгарат. Министр ишкананын инновациялык ыкмалары менен таанышты.
«Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧКсы (Жайыл району) КР ЭКМ жетекчилиги 852 адамды, анын ичинде КР 579 жаранын жумуш менен камсыз кылган ишкананын өндүрүштүк аянттарын кыдырды.
Завод күйүүчү май жана башка нефть продуктуларын өндүрөт. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Борбор Азия энергетикалык компаниясы» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимдин расмий кол коюу аземи болгон.
Заводдун жаңыланган долбоорунун алкагында Евро-4 жана Евро-5 класстагы бензин жана дизель майын, ошондой эле башка продукцияларды өндүрүү пландаштырылууда.
Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Бишкек эркин экономикалык аймагына барып (Кара-Балта) «Азия Сталь» жана «Стандарт Фарм Групп» ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. «Стандарт Фарм Групп» бул «Кварта» ЖЧКсы менен Кытайдын «Жичжао Джунтай» компаниясынын биргелешкен долбоору.
Иш сапардын жыйынтыгында министр Бакыт Сыдыков жеке ишканаларга мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантаарын белгиледи.
Ошондой эле инвестициялык долбоорлордун ишке ашыруу этаптары келишимдерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жана техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн көлөмдөрдө аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Өз кезегинде ишканалардын жетекчилери КР ЭКМ буга чейин көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.