2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүшүн камсыз кылуучу завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун Инвестициялык келишимине кол койду.
Бул Инвестициялык келишим Чүй облусунда завод курууну караштырат, ал өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартууда маанилүү кадам.
Долбоордун алкагында "Базальт Эвотек" ЖЧКсы
· заводдун курулушуна 34 миллион АКШ долларын инвестициялоону;
· заводду ишке киргизүү учурунда кеминде 70 жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана завод толук кубаттуулукка чыкканда кошумча 130 жумуш орундарын түзүүнү пландаштырууда.
Заводдун долбоорлонгон өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5000 тонна продукцияны түзөт. Заманбап технологияларды ишке киргизүү жана базальт буласынын жогорку сапаттагы тынымсыз өндүрүшү Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жакшыртууга жана анын өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт.