Президенттин Жарлыгына ылайык өлкөдө тарыхый мааниси бар административдик-аймактык реформа тууралуу КР МинКаб Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангельдиев баяндама жасады.
“Бүгүнкү күндө административдик-аймактык реформанын негизинде өлкөдө 231 айыл аймак, 33 шаар, анын ичинде 2 республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлдү. Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуучу айыл аймактар ирилештирилип, шаарлардын территориялары бир топ кеңейтилди”, - деди ал, мамлекеттик органдардын райондук деңгээлдеги бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда дагы бир өзгөчө пилоттук долбоор башталганын кошумчалады. Анда министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрүн, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлүп берилет.
МинКаб Төрагасынын Биринчи орун басары олуттуу каражат шаарларды өнүктүрүүгө жумшалганын баса белгиледи.
“Жалал-Абадга – 2,2 млрд сом, Караколго – 2 млрд, Кара-Балтага – 1 млрд, Токмокко – 1 млрд, Балыкчыга – 300 млн, Таласка – 300 млн бөлүндү. Өнүктүрүү пландарына жараша бардык калктуу конуштарда колдоолор болот”, - деди Данияр Амангельдиев.