Быйыл БАРЭК катышуучу - өлкөлөрүнүн Министрлеринин конференциясы өтөт

Новости
17-Январь 2025-ж.
192

Бүгүн, 2025-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Бакыт Сыдыков Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия департаментинин аймактык кызматташуу жана операцияларды координациялоо бөлүмүнүн директору Лазизиза Сабырова менен жолугушту. 


Тараптар 2025-жылы БАРЭК программасында Кыргыз Республикасынын натыйжалуу төрагалыгын талкуулашты.  Чакан жана орто бизнести, жеке секторду, транспортту жана логистиканы, экспорттук потенциалды, ошондой эле критикалык минералдарды өнүктүрүүнү колдоо чөйрөсүндө аймактык кызматташууну күчөтүү боюнча төрагалык кылуу алкагында сектордук иш-чараларды приоритеттөө жана өткөрүү зарылдыгын белгилешти. 


Үстүбүздөгү жылы башкы иш-чара болуп, БАРЭК катышуучу-өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу адамдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен Министрлик конференциясы эсептелет

Онлайн кайрылуу