2025-жылдын 16-январында #КРЭКМ караштуу КР Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү «Tegen» ЖЧК маркеттер тармагынын өкүлдөрү менен ишкердик жолугушуу өткөрдү. Талкуунун негизги темасы кыргыз продукциясынын Өзбекстан рыногундагы ассортиментин кеңейтүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Tegen» ЖЧК өкүлдөрүнө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы, анын ичинде жаңы жашылча-жемиштер, сүт азыктары, ичүүчү суу, ошондой эле «Татымал Групп» ЖЧКсы (@tatmal_kg) тарабынан өндүрүлгөн уникалдуу татымалдар жана жыпар жыттуу заттар көрсөтүлдү.
Тараптар долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптарын талкуулашты. Тактап айтканда, «Tegen» ЖЧК логистиканы эске алуу менен деталдуу коммерциялык сунуштарды күтүп жатканын билдирди. Өзгөчө көңүл түз жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүнө бурулуп, бул кыргыз продукциясынын экспортун кеңейтүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.
Соода өкүлчүлүгү ата мекендик өндүрүүчүлөргө алардын товарларын Өзбекстан рыногуна чыгарууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Маалымат үчүн:
«Tegen» ЖЧКсы — Өзбекстанда азык-түлүк товарлары боюнча адистешкен алдыңкы маркеттер тармагынын бири.