2025-жылдын 14-январында Бишкекте Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык катчылыгынын миссиясынын АӨБ башкы кеңсеси менен болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тартылган мамлекеттик органдарынын сектордук координаторлору менен жолугушуу болуп өттү.
2025-жылы БАРЭК программасынын төрагалыгы (Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык программасы) Кыргыз Республикасында өтөт, буга байланыштуу БАРЭК сектордук координаторлорунун кыргыз тараптан Азия өнүктүрүү банкынын консультативдик миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты болуп 2025-жылы БАРЭКке Кыргыз Республикасынын натыйжалуу төрагалык кылуу маселелерин талкуулоо жана 2025-жылга БАРЭК приоритеттерин жана потенциалдуу флагмандык иш-чараларды талкуулоо, БАРЭК программасы боюнча жогорку деңгээлдеги сектордук жана өтмө маселелер, БАРЭК аймактык долбоорлорунун портфелин өнүктүрүү, төрагалык кылуунун алкагында иш-чараларды, демилгелерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча сунуштар кирет.