(Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарынын негизинде )
Кыргыз Республикасын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жалпысынан өлкөдө 2022-2023-жылдары башталган өсүү тенденциясын колдоо менен интенсивдүү экономикалык өсүштүн уланышын көрсөттү.
2024-жылдагы айлык динамика бул тенденцияны тастыктап, ИДПнын реалдуу өсүү темпи 106,6%дан 109,6%га чейин өзгөрдү.
Экономикалык тармактардагы жогорку көрсөткүчтөр ички өндүрүштүн кеңейиши, экспорттун жана инвестициянын өсүшү менен шартталган.
Министрлер Кабинетинин экономикалык активдүүлүктү стимулдаштырууга, экономиканын стратегиялык тармактарын колдоого, инфраструктураны модернизациялоого, инвестициялык климатты жана атаандаштык чөйрөсүн жакшыртууга, мамлекеттик башкаруу тармагында реформаларды жүргүзүүгө багытталган иш-аракеттери туруктуу экономикалык өсүштү сактоого жана негизги экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга мүмкүндүк берди. Натыйжада, макроэкономикалык туруктуулук камсыздалып, социалдык коргоо жана пенсия менен камсыздоо тармагындагы мамлекеттин милдеттенмелери аткарылды.
Экономиканын бардык тармактарында оң динамика камсыз кылынып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 18,0 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 9,3 %га, өнөр жайда – 5,6 %га, айыл чарбасында – 6,3 %га өстү.
Өнөр жай. 2024-жылдын январь-декабрында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 585,3 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 5,5 %га өскөн (2023-жылы өсүш 2,7 %ды түзгөн).
Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң жогорку үлүшкө ээ болгон кайра иштетүү өнөр жайында (77,1%) 2024-жылдын январь-декабрында өндүрүштүн көлөмү 451,4 млрд сомду жана физикалык көлөмдүн индекси 2023-жылга карата 104,4%ды түздү. 2023-жылга салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү тазаланган мунайзаттарды өндүрүүнүн көлөмүнүн 1,9 эсеге көбөйүшү менен камсыздалды, бул "Джунда" заводун реконструкциялоонун жана модернизациялоонун эсебинен тазаланган мунайзаттарды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен шартталган, мында өндүрүштүн көлөмү дээрлик 2 эсеге көбөйгөн; тамак - аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын - агрокластердик ыкманы колдонуунун эсебинен 20,1 %га; көлөмү 18,0 %га өскөн курулуш секторунун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын - 10,8% га; текстиль жана кийим өндүрүү - жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү жолу менен өндүрүштү кеңейтүүнүн эсебинен 15,3% га, ошондой эле жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишти - 30,5% га, фармацевтикалык продукцияны-21,7% га.
Ошол эле учурда, Кумтөр кенинде пландалган кыскартуунун натыйжасында, рудадагы алтындын төмөнкү курамы бар аймакты өздөштүрүү менен байланышкан негизги металлдарды өндүрүү көлөмү 4,7%га азайганы белгиленди. Бирок, бул кыскартуу башка кендерден алтын казып алуу көлөмүнүн көбөйүшү жана алтын казып алуу менен байланышпаган башка өнөр жай тармактарынын өсүшү аркылуу жарым-жартылай компенсацияланды.
Пайдалуу кендерди казып алууда (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 10,7 %) 2024-жылдын январь-декабрынын жыйынтыгы боюнча продукция өндүрүүнүн көлөмү 62,7 млрд сомду түздү, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 2023-жылга карата көмүр жана металл кендерин казып алуунун көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен 104,0% ды түздү
Электр энергиясын, газды, бууну жана кондицияланган абаны камсыз кылуу чөйрөсүндө (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 11,2 %) 2024-жылдын январь-декабрь айларында өндүрүш көлөмү 65,6 миллиард сомду түзүп, электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү көлөмүнүн 16,4 %га өсүшүнүн эсебинен 15,8 %га көбөйдү.
Сууну камсыз кылуу, тазалоо, таштандыларды иштетүү жана экинчи чийки заттарды алуу көлөмүнүн 17,7 %га өсүшү (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 1,0 %) негизинен сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүү көлөмүнүн 9,5 %га көбөйүшүнүн эсебинен болду.
2024-жылы «100 өнөр жай ишканасы – 2024» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 102 өнөр жай ишканасы ачылып, өз ишин баштады. Алардын катарына Кадамжайдагы «Исфайрам-1» кичи ГЭСи, Ноокаттагы «Курак-Тектир» кичи ГЭСи, Ат-Башыда жайгашкан «Кара-Булак» соода-логистикалык зонасы, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Эти Бакыр-Терексай» ЖЧКнын жаңы алтын ылгоочу фабрикасы, Нарын шаарындагы курулуш материалдарын чыгаруучу «Мин-Булак» ишканасы, Аламүдүн районундагы электр зымдарын өндүрүүчү «Бек кабель» ЖЧКсы, Кемин районундагы «Терек-Таш» цемент заводу, Кара-Балта шаарындагы алтын куймаларын өндүрүүчү завод, Сузактагы мунай иштетүүчү завод, Ысык-Көл районундагы канаттуулардын этин кайра иштетүүчү «Агро Куш» ЖЧКсы жана өлкөнүн башка аймактарындагы ишканалар кирет.Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 796,8 миллион АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылып, 8315 жаңы жумуш орун түзүлдү.
Өнөр жай өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүгө салым 0,91 пайыздык пунктту түздү. ИДПны өндүрүү түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 16,5 %ды түздү.
Айыл чарба. 2024-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 395,6 миллиард сомду түздү. Реалдуу өсүү темпи 2023-жылга салыштырмалуу 106,3 %ды түздү (2023-жылы – 100,6 %). Бул өсүш өсүмдүк өстүрүү продукциясынын 10,3 %га жана мал чарба продукциясынын 3,1 %га көбөйүшү менен камсыздалды.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүдөгү жогорку көрсөткүчтөр (10,3% га) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы жана айдоолордун аянттарынын көбөйүшү менен шартталган. Бул жылы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн аныктоочу себеп болгон жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттар түзүлдү.
Бүгүнкү күндө республика боюнча дан эгиндерин жыйноо 599,5 миң га аянтта жүргүзүлдү.
Буудай жыйноо толугу менен аяктап, анын аянты 240,5 миң гектарды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 37,8 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 29,2 центнер/гектарды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 9,0 центнер/гектарга жогору.
Арпа жыйноо да толугу менен аяктап, 245,9 миң гектар аянтта жыйналды, бул 2023-жылга салыштырмалуу 44,6 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 26,1 центнер/гектарды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 9,4 центнер/гектарга жогору. Жалпы түшүм 646,4 миң тоннаны түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 243,2 миң тоннага көп.
Дан-бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктап, алар 53,0 миң гектар аянтта жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 15,5 центнер/гектарды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,3 центнер/гектарга жогору. Жалпы түшүм 82,6 миң тоннаны түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,4 миң тоннага көп.
Жашылчалардын жалпы түшүмү 1 200,2 миң тоннаны, бакчалардын түшүмү 280,9 миң тоннаны түздү. Май өсүмдүктөрү 13,8 миң гектар аянтта жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 13,0 центнер/гектарды түздү. Жалпы түшүм 18,6 миң тоннаны түздү.
Тартиптүү жана системалуу иштердин, ошондой эле фермерлерге, анын ичинде мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлгөн колдоонун аркасында быйыл шекер камышынын түшүмдүүлүгү жогору болду. Шекер камышы 13,2 миң гектар аянтта жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 842,2 центнер/гектарды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 241,4 центнер/гектарга көп. Жалпы түшүм 842,2 миң тоннаны түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 241,4 миң тоннага жогору. Бул көрсөткүчтөр 120 миң тонна шекер өндүрүүгө мүмкүндүк берет, бул республикадагы ички керектөөнү толугу менен камсыз кылат. Мындан аркы маанилүү милдет – бул жетишилген натыйжаларды сактоо, туруктуу узак мөөнөттүү көрсөткүчтөргө жетишүү жана өндүрүш көлөмдөрүн көбөйтүү менен экспортко чыгуу.
Айыл чарба тармактарын каржылоо боюнча мамлекеттик колдоо улантылууда. 2024-жылдын 27-декабрына карата «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 11 665 айыл чарба товар өндүрүүчүсүнө жалпы суммасы 4 661,3 миллион сомду түзгөн жеңилдетилген насыялар берилди. Анын ичинде: "мал чарба" тармагы боюнча 10 218 субъект 4 182,28 млн сом суммасында; "өсүмдүк өстүрүү" тармагы боюнча 1 437 субъект 479,0 млн сом суммасында. Бул долбоорду ишке ашырууга ОАО «Айыл Банк» жана ОАО «Элдик Банк» катышып, жалпы насыя берүү көлөмү 5,0 миллиард сомду түздү.
Агрардык сектор тарабынан ИДПны түзүүгө салым 0,6 пайыздык пунктту түздү, ИДП түзүмүндөгү үлүшү 8,6 %ды түздү.
Курулуш тармагы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча жакшы натыйжаларды көрсөтүүнү улантууда. 2024-жылдын январь-декабрында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 285,7 млрд сомду түзүп, 18,0 %га өстү (2023-жылдын январь-декабрында 22,7 %га өскөн). Бул өсүш негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн 2023-жылга салыштырмалуу 24,8 %га көбөйүшүнүн эсебинен болду жана ал ички каржылоо булактарынын 1,3 эсеге жана тышкы каржылоо булактарынын 11,5%га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.
2024-жылдын январь-декабрында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 83%дан жакыны) пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.
Олуттуу өсүш ири инфраструктуралык долбоорлорду жигердүү ишке ашыруу жана бул секторго инвестицияларды тартуу менен шартталган. 2024-жылга мамлекеттик капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 2,3 эсеге өстү жана 18,2 млрд сомду түздү (8 млрд сом суммасында алгач бекитилген капиталдык салымдарга каршы). Ошондой эле, курулуш көлөмүнүн өсүшү 2024-жылга Мамлекеттик инвестициялар программасынын бюджетинин долбооруна киргизилген инвестициялык долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу менен шартталган, мында каржылоонун эң чоң көлөмү транспорт секторуна бардык мамлекеттик инвестициялардын 25,4% жана энергетика тармагына - 21,2% багытталган.
Энергетикада Токтогул ГЭСинин үчүнчү агрегаты жана Уч-Коргон ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилди. Орто-Токой ГЭС, Папанская ГЭС, Бала-Саруу ГЭС чакан ГЭСтери ишке киргизилди.
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан ишке ашырылып жаткан 2024-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» Турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында ири көлөмдөгү турак жай курулушу жүрүп жатат. Учурда өлкө боюнча 12 659 батир курулуп жатат. 2024-жылдын декабрь айында “Мурас” турак жай комплексинде 2023-жылдын жазында башталган 510 батирлүү 18 кабаттан турган 6 блок/үйдүн курулушунун биринчи этабы пайдаланууга берилген. Ошондой эле, Бишкек шаарынын Скрябина көчөсүндө 2024-жылдын декабрь айында 7 блоктон турган көп кабаттуу турак жай комплекси пайдаланууга берилген. Алардын ар бири 15 кабаттуу болуп, жалпысынан 549 батир курулган.
Жалпы аянты 1086,4 миң чарчы метрди түзгөн 8,4 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди, бул 22,7%га көп, алардын наркы (баалоо боюнча) 30,0 млрд. сомдон ашык түзүлдү, бул 2023-ж. деңгээлине караганда 1,4 эсеге көп.
230 социалдык объект, анын ичинде жаңы жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн объектилер пайдаланууга берилди. 100дөн ашык мектеп, 50 бала бакча, оорукана, спорт комплекстери, маданият үйлөрү, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 22 объект курулган. Республикалык бюджеттен 13 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Курулуш секторунан ИДПга оң салым 1,32 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 8,3 %ды түздү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салым кошот.
2024-жылдын январь-декабрынын жыйынтыгы боюнча дүң продукциянын көлөмү 1 219,2 млрд сомду түздү жана 2023-жылга салыштырмалуу 9,7 % га өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жогорку өсүш калктын кирешелеринин көбөйүшүнүн жана ишкерликке колдоо көрсөтүү чараларынын эсебинен шартталды.
Кызмат көрсөтүүчү экономика тармактарынын түзүмүндө эң көп үлүштү дүң жана чекене соода – 35,0 %, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрү – 8,1% жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү – 10,0% ээлейт.
Калктын акчалай кирешелеринин көбөйүшү (2024-жылдын январь-ноябрында орточо айлык эмгек акынын номиналдуу өлчөмү 12,4% га өстү), акча которуулардын агымы (2024-жылдын январь – ноябрында 12,4% га көбөйгөн), керектөө кредиттеринин көлөмү (2024 -жылдын январь-ноябрында - 1,7 эсе) ички суроо-талапка колдоо көрсөтөт, ошого жараша 2024-жылдын январь-декабрында дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы дүң көлөмү тиешелүү түрдө 16,3% га көбөйдү жана 426,7 млрд сомду түздү. Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу өсүшү дүң (23,9 %) жана чекене сооданын (14,4%) көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.
2024-жылдын январь-декабрында транспорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 98,5 млрд сом суммасында түзүлдү жана 5,5% га көбөйдү.
Мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын дүң көлөмү 2024-жылдын январь-декабрында 57,8 млрд сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 28,2% га өстү.
ИДПны түзүүгө кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн салымы 4,78 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 52,1% ды түздү.
Керектөө бааларынын индекси 106,3 %ды түздү (2024-жылдын декабрь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу), 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 107,3 %ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-декабры 2023-жылдын январь-декабрына) 105,0 %ды түздү, 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 110,8 %ды түзгөн. Инфляциянын деңгээли акча-кредит саясатынын 5–7% максаттуу көрсөткүчүнүн диапазонуна кирди.
Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 11,4 %га, азык-түлүк эмес товарларга - 5,1 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 5,4 %га, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,1 %га жогорулады.
Бул мезгилде картошканын (40,2 %га), эттин (12,8 %га), табигый тез кофе (7,9 %га), колбаса азыктары (7,1 %га), алкоголсуз суусундуктардын (6,0 %га), балыктын, жогорку сорттогу ундун жана күрүчтүн (5,7 %га), бышырылган нан азыктарынын (5,5 %га), чайдын (5,3 %га), малдын тоң майынын (4,5 %га), жаңы бышкан жашылчалардын (3,7 %га), куюлуп сатылуучу сүттүн (3,1 %га) жана нандын (1,9 %га) баалары эң көп кымбаттады. Муну менен катар, өткөн жылдын башынан бери гречка акшагынын (18,3 %га), жаңы бышкан жемиштердин (14,8 %га), кумшекердин (4,2 %га), тоок жумурткасынын (2,0 %га) жана биринчи сорттогу ундун (1,9 %га) бааларынын төмөндөшү катталган.
Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 36 055 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,4 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 7,1 %га өстү.
2024-жылдын январь-ноябрында мурунку жылдын январь-ноябрына салыштырганда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.
Алардын эң олуттуу жогорулашы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (31,8 %), курулуш (28,6 %), кыймылсыз мүлк операциялары (25,6 %), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (24,0 %), башка тейлөө ишмердиги (23,9 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (21,7 %) чөйрөлөрүндө, ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (20,9 %) байкалды.
Товарлардын тышкы жана өз ара соодасы.
2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы тышкы сооданын көлөмү 14,6 млрд АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7 %га өстү, ал эми товарлардын экспорту 3,5 млрд АКШ долларын түзүп, 21,3 %га өстү, ал эми товарлардын импорту 11,2 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 0,8 %га азайды. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 23,6 %ды, импорттуку 76,4 %ды түздү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,5 млрд долларды түзүп, 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,1 %га өстү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,2%) жана Казакстанга (26,9 %) туура келген.
Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 10,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,4 %га өстү.