Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык диалогу: өнөктөштүктүн жаңы меморандуму

Новости
11-Январь 2025-ж.
1938

2025-жылдын 10-январында КР Түркиядагы #КРЭКМ алдындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Чүй облусундагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев менен жолугушту.  Жолугушуунун жыйынтыгында: 

  - Кыргызстандын улуттук продукциясын Түркия рыногуна экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү;

 - Түркиядан Чүй облусуна инвестицияларды тартуу максаттарды көздөгөн кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду  Жолугушуу алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо маселелерин жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган чараларды талкуулашты.  Меморандумга кол коюу өнөктөштүктү бекемдөөнүн жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.