Кыргыз Республикасы эл аралык стандарттарды бекемдөөгө карай маанилүү кадам жасап, 2025–2027-жылдарга БУУнун ишкердик жана адам укуктары боюнча жетекчилик принциптерин ишке ашыруу программасын бекитти.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан 2011-жылы кабыл алынган жетекчилик принциптер үч негизги компонентке негизделет:
 Мамлекеттин адам укуктарын коргоо милдети.
 Мамлекеттин адам укуктарын коргоо милдети. 
 Бизнес чөйрөсүнүн адам укуктарын сактоо жоопкерчилиги.
 Бизнес чөйрөсүнүн адам укуктарын сактоо жоопкерчилиги. 
 Адам укуктары бузулган учурда укуктук коргоо кепилдиги.
 Адам укуктары бузулган учурда укуктук коргоо кепилдиги. 
Программа төмөнкү багыттарга багытталган:
*Бизнес чөйрөсүндө адам укуктарын сактоо боюнча корпоративдик жоопкерчиликти илгерилетүү.
*Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
*Ишкердик жана адам укуктары маселелери боюнча мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракетин камсыз кылуу.
План 3 компонентти, 9 милдетти жана 25 иш-чараны камтыйт. Аларды ишке ашырууга мамлекеттик органдар, бизнес-ассоциациялар жана бейөкмөт уюмдар тартылган.
Программа Кыргызстанга Борбор Азия аймагында өз позициясын бекемдөөгө, эл аралык стандарттарды сактоого болгон умтулуусун көрсөтүүгө жана ишкердик үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө жардам берет.
Бул кадам өлкөнүн эл аралык инвесторлор үчүн ишенимдүү жана социалдык жоопкерчиликтүү өнөктөш катары өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт.
