Бишкек шаарында Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин (СЖЖК) 13-жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык өнүгүү өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алкагында 2019–2024-жылдарга карата СЖЖК Планынын аткарылышы боюнча жыйынтыктар чыгарылып, алдыдагы жылдарга багыттар аныкталды.
Жыйындын жүрүшүндө соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатындагы негизги жетишкендиктер жана чакырыктар талкууланды:
1. 2019–2024-жылдарга карата СЖЖК Планынын аткарылышынын жыйынтыктары.
СЖЖКнын катчылыгы соодадагы административдик тоскоолдуктарды кыскартууга багытталган заманбап ыкмаларды жана процедураларды оптималдаштырууну камтыган жетишилген натыйжалар боюнча отчетун сунуштады.
2. Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык. GIZ уюмунун өкүлү аймактагы мамлекеттердин кызматташуусунун ийгиликтүү мисалдарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымын белгиледи.
3. Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун жыйынтыктары. Эл аралык соода борбору (ЭСЦ) экспорттук потенциалды чыңдоого жана аймактык интеграцияга көмөктөшүүгө багытталган иш-аракеттердин натыйжаларын көрсөттү.
4. USAID уюмунун сооданы колдоо иш-чаралары.
Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, жол-жоболордун ачык-айкындыгын жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган учурдагы жана келечектеги демилгелер талкууланды. 5. 2025–2027-жылдарга карата СЖЖК Планынын долбоору.
Жаңы Планда жол-жоболорду санариптештирүү, логистикалык инфраструктураны бекемдөө жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттар камтылган.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча иш-аракеттердин жаңы планын бир добуштан бекитишти:
-соода жол-жоболорунун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун андан ары жакшыртуу;
-ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү; -жеке секторду негизги демилгелерди ишке ашырууга активдүү тартуу.
Жыйын мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалог соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн маанилүү экенин көрсөттү.