Аялдар ишкердигин колдоо: жыйынтыктар жана жаңы кадамдар

Новости
30-Декабрь 2024-ж.
266

#КРЭКМ министрдин орун басары Гүлшат Асылбаеванын төрагалыгы астында Аялдар ишкердиги боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

 Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Камила Талиева, Айсаркан Абдиева жана Динара Ашымова, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аялдар ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу боюнча «Демилгелүү Айымдар» коалициясы жана Кыргызстандын ар түрдүү бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. 

Жыйында 2022-жылдан баштап ушул күнгө чейин Аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү Программасынын аткарылышынын жыйынтыктары чыгарылып, 2025-жылга карата пландар талкууланды. Күн тартибинде аял ишкерлер үчүн жеңилдетилген каржылоону ишке киргизүү, республиканын бюджетине аял ишкердигин колдоо боюнча өзүнчө статья киргизүү маселесин иштеп чыгуу, ишкердик чөйрөсүндө гендердик статистиканы жарыялоо каралды. 

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева Кыргызстан Борбордук Азияда аялдар ишкердигинин аныктамасы мыйзам чегинде бекитилген биринчи өлкө болгонун белгиледи. 

Ал аялдардын экономикага катышуусун кеңейтүүгө багытталган мамлекеттик колдоону, анын ичинде республикалык бюджеттин алкагында максаттуу каржылоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Айдаркан Абдиева шаарларда (Бишкек, Ош, Жалал-Абад ш.) жашаган аялдар менен айыл жергесиндеги аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүнө жетүү боюнча чоң айырмачылыктар бар экендигин маалымдады.

 Ал региондордогу аялдарга колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде окутуу курстарын өткөрүүгө, маалыматтык, психологиялык жана социалдык жардам берүүгө, ошондой эле бизнес ачуу үчүн кредит алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасоону сунуштады.

 Динара Ашымова ислам каржылоо инструменттерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, бул аялдар үчүн күрөөсүз насыя берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

 Ал бул ыкманы Аялдар ишкердигин колдоо Программасынын жаңы редакциясына киргизүүнү жана Консультативдик кеңештин курамын аялдар ишкердигинин кызыкчылыктарын активдүү жактап жүргөн аял ишкерлер менен кеңейтүүнү сунуштады.

 Иш-чаранын катышуучулары аялдардын ишкердигин колдоого багытталган мамлекеттик саясатты мындан ары өнүктүрүү, бизнес климатты жакшыртуу жана аялдарды ишкердик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерге жетүү үчүн зарыл болгон билимдер жана каржылык ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын белгилешти. 

Айрыкча, финансылык жана маалыматтык жеткиликтүүлүк аз болгон айыл жергесиндеги ишкер аялдар үчүн шарттарды түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бардык сунуштарды камтыган протокол кабыл алынды. 

Онлайн кайрылуу