2024-жылдын 27-декабрында КР Президентинин тапшырмасына ылайык, #КРЭКМ министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгы алдында мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын, «Кепилдик фондду» ААК, мамлекеттик өнүктүрүү фонддорунун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен чакан жана орто бизнести колдоо боюнча атайын чараларды иштеп чыгуу маселелери боюнча жыйын өтүп, төмөнкү маселелер талкууланды:
1. Чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыялар;
2. Чакан жана орто бизнес үчүн салыктык стимулдардын механизмдери;
3. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн шарттарын жакшыртуу максатында ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4. Чакан жана орто бизнес ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн Эл аралык финансы отчеттуулугунун стандарттарын (ЭФОС) киргизүү;
5. Чакан жана орто бизнестин насыяларын камсыздандыруу механизмдерин киргизүү жана төлөөгө жарамсыздык тобокелчиликтерин минималдаштыруу;
6. Финтех чечимдерди жана чакан жана орто бизнес насыяларына онлайн кайрылуу үчүн платформаларды ишке ашыруу максатында санариптештирүү жана инновациялар;
7. Чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген каржылоо программаларын ишке киргизүү боюнча өнөктөш болууга даяр эл аралык донорлорду тартуу.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнести колдоо чараларынын тиешелүү Программасын иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.