“100 өнөр жай ишканасы – 2024” долбоорунун алкагында 17 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди

30-Декабрь 2024-ж.
41
Бүгүн, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 17 жаңы өнөр жай ишканасынын ишин баштады. 
“100 өнөр жай ишканасы – 2024” долбоору #КРЭКМ жетекчилиги менен мамлекеттик органдар, Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэриялары, ишкерлер, банктар жана өнүктүрүү фонддору менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Жыл бою жергиликтүү өндүрүшчүлөргө керектүү колдоо көрсөтүлдү. 
Анын ичинде каржылоону камсыздоо, жер тилкелерин трансформациялоо, экспертизаларды жана инвестициялык келишимдерди тездетип берүү, жабдуулар жана инфраструктура менен камсыздоо камтыды.
 Жаңы өндүрүштөрдүн ишке кириши республиканын экономикалык негизин чыңдоого, өнөр жай менен аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. 
Ачылган ишканалар курулуш материалдарын өндүрүү, энергетика, жеңил өнөр жай, тамак-аш өндүрүшү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт. 
Бул демилге өнөр жайды модернизациялоо, өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аймактарын тең салмактуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат.




Онлайн кайрылуу