Бишкекте Ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган ченемдик укуктук актылар сунушталды

Новости
27-Декабрь 2024-ж.
2683

2024-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен Бишкек шаардык прокуратурасында ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы №1 жарлыгын негизинде уюштурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлер менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү маселелери талкууланып, бизнестин актуалдуу маселелерине жооптор берилди.


Иш-чарага төмөндөгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты: 

•           Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;

•           Мамлекеттик салык кызматы;

•           Бишкек шаарынын мэриясы;

•           Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы. 


Бул жолугушуу мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулугунун ортосунда ачык диалог түзүүгө, ошондой эле ишкерлерди кызыктырган маселелерди натыйжалуу чечүүгө багытталган. 


Мындан тышкары, ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган ченемдик укуктук актылары көрсөтүлүп, тиешелүү ишеним телефондору тууралуу маалыматтар таратылды.