2024-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаеванын төрагалыгы астында Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш 2024-жылдагы ишин жыйынтыктап, келерки жылдарга иш планын бекитти.
Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын кызматташуусун күчөтүү боюнча иштер талкууланды.
Координациялык кеңеш — мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдар ортосунда кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
Кеңеш керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу учурларына тез реакция кылып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды кыска мөөнөттө иштеп чыгууну көздөйт. 2024-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 20 000ге жакын жаран кайрылуу жасап, аларга укуктук жана консультациялык жардам көрсөтүлдү.