Кыргызстан БУУнун сооданын жол-жоболорун жеңилдетүү жана электрондук бизнес боюнча 43-Форумуна катышты

Новости
24-Декабрь 2024-ж.
165

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БДСУ) боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жана UN/CEFACT Бюросунун төрагасынын орун басары Нурбек Максутов 2024-жылдын 10-12-декабрында Италиянын Рим шаарында өткөн БУУнун сооданын жол-жоболорун жеңилдетүү жана электрондук бизнес боюнча борборунун (UN/CEFACT) 43-Форумуна катышты. 

Форумга Борбордук Азиядан келген сооданын жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча эксперттери, анын ичинде Кыргызстандын эл аралык эксперти, илимдин доктору Муктар Джумалиев катышты. Форумдун жүрүшүндө транзиттик коридорлор боюнча санариптик байланыштуулук маселелери, анын ичинде 2023-жылдын күзүндө Бакуда (Азербайжан) Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери тарабынан кабыл алынган СПЕКАнын жол картасынын алкагында Транскаспий коридорунун санариптештирүү долбоору боюнча саясий диалог жана панелдик талкуулар өткөрүлдү. 

Талкууларда эл аралык эксперттердин докладдары угулуп, мультимодалдык транспорттук коридорлорду ишке ашыруудагы негизги көйгөйлөр, мисалы, өлкөлөрдүн жөнгө салуучу мыйзамдарынын айырмачылыктары жана маалымат алмашуунун тоскоолдуктору каралды. 

Ошондой эле, UN/CEFACT инструменттерин колдонуу аркылуу камсыздоо чынжырларын оптималдаштыруу, чыгымдарды азайтуу жана интеграцияны күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү аныкталды. 

Мындан тышкары, экспорттук көзөмөл чөйрөсүндө коопсуздук менен соода жол-жоболорунун натыйжалуулугунун ортосундагы баланска арналган сессия өткөрүлдү. 

Маалымат үчүн: UN/CEFACT — бул глобалдык өкмөттөр аралык орган, ЕЭК БУУнун карамагында иштейт жана өнүккөн, өнүгүп келе жаткан жана өткөөл экономикалардагы бизнес, соода жана административдик уюмдардын ортосундагы товарлар жана кызматтар алмашуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. 

Онлайн кайрылуу