2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (ЭКМ) министр Данияр Амангельдиевдин катышуусунда пресс-завтрак өткөрдү.
Иш-чара Өнүктүрүү саясаты институтунун (ӨСИ) колдоосу менен «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED) программасынын алкагында уюштурулду.
Жолугушууда министр министрликтин негизги жетишкендиктерин, анын ичинде 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышын, башкаруу реформаларын, бизнеске колдоо көрсөтүү жана жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүү боюнча аракеттерди сунуштады.
Ошондой эле, туруктуу экономикалык өсүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган келечек пландар талкууланды.
Иш-чара конструктивдүү диалог аянтчасы болуп, журналисттер жана катышуучулар өлкөнүн экономикалык саясаты боюнча негизги суроолорду талкуулап, ой бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.