Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Финансылык рынокторду жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын (ККА) жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-сессия өткөрдү.
Иш-чара Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED) программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) колдоосу менен уюштурулду.
Жолугушууда камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, жарандарды камсыздандыруу кызматтары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана камсыздандыруу продуктуларына ишенимди бекемдөө маселелери талкууланды.
ККАнын өкүлдөрү жана Финансылык көзөмөл кызматынын камсыздандыруу жана жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы өз сунуштары жана көз караштары менен бөлүштү.
Министрлик камсыздандыруу каржылык коргоону жана коопсуздукту камсыздоочу курал экендигин, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө жана тобокелчиликтерди азайтууга салым кошорун белгиледи. Жарандар жана ишкерлер камсыздандырууну каржылык пландаштыруу процессинин маанилүү бөлүгү катары кароого чакырылат.