Чоро Сейитов Исии Хидехико менен экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Новости
20-Декабрь 2024-ж.
442

2024-жылдын 19-декабрында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча Департаментинин директору Исии Хидехико менен жолугушту. 

Жолугушууда Япония Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экендиги, эки өлкөнүн ортосунда достук жана ишенимдүү мамилелердин түзүлгөнү, ошондой эле көп багыттуу кызматташтыктын өнүгүп жатканы белгиленди. 

Тараптар 2007-жылдан бери JICA уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Бир айыл – бир продукт» долбоорун карап чыгып, анын эки тараптуу натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү экенин белгилешти.

 Долбоордун жумуш орундарын түзүүдөгү мааниси, жергиликтүү ресурстарды эл аралык стандарттарга ылайык колдонуу менен экологиялык таза продукция өндүрүү, ошондой эле продукцияны экспорттоого болгон мүмкүнчүлүктөр баса көрсөтүлдү. 

Андан сырткары, тараптар «Борбор Азия+Япония» диалогу алкагындагы иш-чаралар, «Tourism Expo Japan 2024» көргөзмөсүнө катышуу жана 2025-жылы Осакада өтө турган ЭКСПО көргөзмөсүнө даярдык боюнча пикир алмашышты.

 Ошондой эле, “Годжо жана компания” корпорациясы, Япониянын эл аралык кызматташтык банкы (JBIC), жана «Кыргыз экспорт» борборунун Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (JETRO) менен иш алып баруу келечеги талкууланды.

 Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуунун долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын белгилеп, эки өлкөнүн экономика ведомстволорунун ортосунда туруктуу кызматташтык механизмин түзүү сунушун киргизди. 

Мындан тышкары, тараптар туризмди өнүктүрүү, жашыл экономикага өтүү, чакан жана орто ишканаларды колдоо, алардын потенциалын жогорулатуу, стратегиялык пландоо сыяктуу багыттарда биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча макулдашышты. 

Онлайн кайрылуу