Кыргызстан менен Түркиянын почта уюмдары кызматташтыкты тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Новости
19-Декабрь 2024-ж.
2608

2024-жылдын 16-декабрында, Анкара ш. (Түркия) Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков, «Кыргыз почтасы» ААК башкы директору Марат Черикчиев, «Элдик Банк» ААК төрагасы Улан Ногаев жана түрк тарабынан ПТТ башкы директору Хакан Гүлтендин кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө буга чейин жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланып, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

Аны менен бирге, Чынгыз Токтобеков Түркия менен Кыргызстандын почта уюмдарынын кызматтарын баасын арзандатууну демилгелеп, «Кыргызпочта» ААК филиалын Түркияда ачууну сунуштады. 

Жолугушуу тараптардын кызматташтыкты чыңдоо жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу боюнча пландардын негизинде ийгиликтүү жыйынтыкталды.


Маалымат үчүнПТТ (Posta ve Telgraf Teşkilatı) – Түркиянын эң ири почта жана логистика компаниясы, ал эки өлкөнүн ортосундагы соода жана байланыш кызматтарын жакшыртуу үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат.

Онлайн кайрылуу