КР ЭКМ жамаатына жаңы жетекчиси тааныштырылды

Новости
18-Декабрь 2024-ж.
7562

Бүгүн, 2024-жылдын 18-декабрында КР Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев #КРЭКМ жамаатына жаңы министрди тааныштырды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.

Жолугушууда Сыдыков Бакыт Төлөмүшевичти Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри кылып дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы окулду.


Б.Т. Сыдыковдун ѳмүр баяны

Сыдыков Бакыт Толомушевич, 1978-жылдын 7-ноябрында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин бакалаврдык программасын аяктаган, 2002-жылы ошол эле университеттин Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. 2010-жылы Рицумейкан университетин (Киото, Кусатсу, Япония) аяктап, экономика боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Класстык чини: Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.


Эмгек жолу:

2002-жылдын 29-январынан 2019-жылдын 28-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги – стажер, жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчы, мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги.

2019-жылдын 28-августунан 2021-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги – тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын начальниги.

2024-жылдын 16-февралынан 2024-жылдын 17-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы – саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги.

2024-жылдын 18-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Онлайн кайрылуу