Кыргызстанда продукцияны эл аралык стандарттар боюнча сыноо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди

Новости
18-Декабрь 2024-ж.
6976

Эл керектөөчү товарларды, идиштерди жана таңгактарды сыноочу Кыргызстандарттын лабораториясы өзүнүн компетенттүүлүк чөйрөсүн кеңейтип, аккредитациялык аттестат алды. 

Эми лаборатория ИСО/МЭК 17025-2019 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык иш алып барганын тастыктайт.

 Бул эмнеси менен пайдалуу? Аккредитациянын кеңейиши экспорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: товарларды сертификациялоо процесси жөнөкөйлөтүлүп, керектөөчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн ишенимин арттырат. 

Рынокто таанылуу: Лабораториянын сыноо жыйынтыктары компанияларга продукциясынын сапатын тастыктоого жардам берет.

 -Сертификацияны тездетүү: Сыноо жыйынтыктары декларацияларды каттоодо жана товарларды сертификациялоодо колдонулат. 

-Ишенимдүүлүк кепилдиги: Эл аралык аккредитация лабораториянын жогорку деңгээлдеги иш алып барганын көрсөтөт.

 Лаборатория заманбап жабдуулар менен жабдылган жана төмөнкү техникалык регламенттердин талаптарына ылайык сыноолорду жүргүзөт: 

1. ТР/ТС 005/2011 «Таңгактын коопсуздугу жөнүндө»;

 2. ТР/ТС 007/2011 «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө»; 

3. ТР/ТС 008/2011 «Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө»; 

4. ТР/ТС 009/2011 «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө»;

 5. ТР/ТС 017/2021 «Жеңил өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө». 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги – улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүүнү колдойт, бул өлкөдө өндүрүлгөн продукциянын тышкы рынокторго чыгышына шарт түзөт.

Онлайн кайрылуу