КР соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы План презентацияланды

Новости
16-Декабрь 2024-ж.
6851

2024-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча 2025-2027-жылдарга карата жаңы пландын долбоору тааныштырылды. 

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулугунун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. 

Иш-чараны Улуттук соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү кеңешинин Катчылыгы Эл аралык соода борборунун (ITC) колдоосу менен уюштурду. 

Планды ишке ашыруунун башкы максаты – соода процесстерин оптималдаштыруу, административдик тоскоолдуктарды жоюу жана соодадагы жөнгө салуунун ачыктыгын жогорулатуу.

 Бул иш-чаралар бизнеске шарттарды жөнөкөйлөтүп, экспортту стимулдаштырууга жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган. Планды төмөнкү артыкчылыктуу багыттар камтыйт: •  Чек арадагы жол-жоболорду автоматташтыруу жана заманбап технологияларды киргизүү аркылуу тездетүү жана жөнөкөйлөтүү. 

•  Соода процесстериндеги ачыктыкты жана алдын ала болжолдоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.

 •  Эл аралык соодада чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

 •  Кыргыз Республикасын эл аралык жана регионалдык соода демилгелеринде алдыга жылдыруу. 

Презентацияда төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:

 •  2025-2027-жылдарга карата артыкчылыктуу чаралар: соода процесстерин санариптештирүү, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана бизнес үчүн тоскоолдуктарды жоюу.

 •  Өнөктөштүктүн ролу: мамлекеттик органдардын, бизнес жана эл аралык уюмдардын кызматташтыгынын маанилүүлүгү баса белгиленди. 

Жаңы План Улуттук соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү кеңешинин протоколдук тапшырмасына ылайык иштелип чыккан жана Кыргызстанды заманбап, натыйжалуу соода тутумун түзүүгө багыттайт. 

Онлайн кайрылуу