Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ЕАЭБдин өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмине киргизилди

Новости
16-Декабрь 2024-ж.
6979

2024-жылдын 13-декабрында Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өттү, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышты.

 Отурумдун негизги чечимдеринин бири болуп Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) өнөр жай тармагындагы кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизмине киргизилиши болду.

 Кыргыз Республикасынын демилгеси жергиликтүү бизнестин экономикалык интеграциядагы ордун бекемдөөгө жана кыргыз ишканаларынын кооперациялык долбоорлорго катышуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. РКӨФтүн бул механизмге киргизилиши чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген насыя шарттарына жетүүнү камсыздайт, бул регионалдык экономиканын өнүгүүсү үчүн өзгөчө маанилүү.

 Ошондой эле бул чечим каржылоо системасында ачык стандарттарды түзүүгө жана ишенимди жогорулатууга шарт түзөт. 

Бул кадам кыргыз ишкерлерине ЕАЭБдин алкагында кооперацияга катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, региондордун экономикасын бекемдөөгө жана аны тең салмактуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Экономика жана коммерция министрлиги бизнес коомчулугун кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген каржылоону активдүү пайдаланууга чакырат.

Онлайн кайрылуу