Кыргыз делегациясы Москвада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Новости
14-Декабрь 2024-ж.
4762

2024-жылдын 12-декабрында Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жетектеди. Делегациянын курамында экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов дагы болду. 


Жыйындын күн тартибинде Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелери каралды. Негизги көңүл жасалма интеллектти колдонууга, биотехнологияларды өнүктүрүүгө, өндүрүштү модернизациялоого жана кадрларды даярдоо үчүн компетенция борборлорун түзүүгө бурулду. Кыргыз делегациясы инновациялык технологияларды киргизүү жана соода-экономикалык архитектураны жаңылоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. 


Бул демилгелер ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, глобалдык чакырыктарга каршы туруу жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө шарт түзөт. 


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстерди активдүү колдоп, өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө жана Кыргызстандын позициясын бекемдөөгө багытталган иштерди улантууда. 


Онлайн кайрылуу