KARAKOL FAIR 2024-2025 жаңы туристтик сезону ачылды: Кыргызстан кышкы жомокко чакырат

Новости
13-Декабрь 2024-ж.
4777

Бүгүн, 2025-жылдын 13-декабрында, кыштын өзөгү Каракол шаарында туристтик сезон расмий түрдө ачылды. KARAKOL FAIR 2024-2025 эл аралык жарманкесинин жаркыраган түстөрү Караколду кыргыз маданиятын, салттарын жана кышкы эс алууну баалаган коноктордун борборуна айлантты. 


Жарманкеде кыргыз усталарынын эң мыкты эмгектери: кылдат жасалган кийиз белектер, кооз керамика, кол менен токулган текстиль, зергер буюмдар жана искусствонун өзгөчө чыгармалары чогултулган. Ар бир буюм усталардын жүрөгүнүн жылуулугун камтып, конокторду өлкөбүздүн уникалдуу мурасы менен жакындан таанышууга чакырат. 


Жарманкенин фудкорту коноктор үчүн чыныгы даамдуу табылга болду. Бул жерде тандыр самсасын, кайнар лагманды, даамдуу ашлянфуну жана кышкы майрамдык маанайга дал келген жылуу суусундуктарды татып көрүүгө болот. Фольклордук ансамблдердин музыкалык чыгармалары жарманкенин атмосферасын кыргыз салттарынын бай дүйнөсүнө толтуруп, конокторду өзгөчө чөйрөгө чөмүлттү. 


Жарманке Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Туризм департаментинин, Швейцариянын Helvetas Kyrgyzstan туруктуу өнүгүү долбоорунун, Каракол шаардык мэриясынын жана Дестинация Каракол уюмунун колдоосу менен уюштурулган. Жарманке 15-декабрга чейин уланат, ар бир каалоочу бул жомоктогудай атмосферанын бир бөлүгү боло алат. 


#МЭККР: КARAKOL FAIR – бул кыргыз маданиятынын, чеберчилигинин жана меймандостугунун күзгүсү. Биз дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген конокторду чын жүрөктөн тосуп, аларга Кыргызстандын кышкы жомогунда унутулгус сапар тартуулоого кубанычтабыз.


Онлайн кайрылуу