Кыргызстанда адал продукцияларына автоматташтырылган байкоо системасын киргизүү боюнча органдардын практикалык тестирлөөсү болуп өттү

Новости
13-Декабрь 2024-ж.
4724

2024-жылдын 12-декабрында КР Экономика жана коммерция министрлигинин жыйындар залында КР ЭКМне караштуу Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбору мамлекеттик мекемесинин демилгеси менен КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Инфоком мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн жана адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын адал-индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталды https://adal.gov.kg/  системасын тесттен өткөрүү боюнча окутуу практикалык жыйыны болуп өттү.


Жыйында Кыргыз Республикасындагы адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазалып жаткан иштер боюнча маалымат берилип, КР аймагындагы  сертификаттоо боюнча органдар, адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары белгиленген системаны толук кандуу иштеши боюнча практикалык тестирлөө өткөрүлүп, катышуучулар менен пикир алмашуулар жана сунуштар талкууланды.


Жолугушуунун негизги максаты: адал индустриясы жаатында иш алып барган ишкерлерге тийиштүү маалыматтарды жеткирүү жана   белгиленген системанын функционалдарын текшерүү жана системасын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар болду.


Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын адал индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталы” - бул сертификацияланган адал продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көзөмөлдүгүн эсепке алуунун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы болуп эсептелет, жана системаны толук тестирлөө өткөрүлгөн соң “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы менен интеграцияланат жана баардык ыйгарым укуктуу органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын жана адал индустриясы чөйрөсүндөгү жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүсү бул система менен ишке ашырылат.


Кошумча маалымат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планынын (КР КМ 2024-жылдын 24-январындагы №14-т тескемеси) 101-пунктунда “Сертификатталган” адал продукция үчүн байкоо жүргүзүүнүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу” тапшырмасы каралган.

Бул иш чараны ишке ашыруу максатында КР ЭКМне караштуу “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбору”  жана КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен 2023-жылы белгиленген долбоорду ишке ашыруу келишими түзүлгөн.

Учурда “КР адал-индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталды” KG зонасында ишке киргизилип адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары арасында тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат.

Онлайн кайрылуу