Кыргызстан жана ЕАӨБ Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө

Новости
13-Декабрь 2024-ж.
4833

2024-жылдын 12-декабрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) «Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады» долбоорун ишке ашырууга багытталган кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюшту. Бул долбоор Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык маанилүү болуп, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.


Дарыялардын табигый гидропотенциалын колдонуу менен энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатында борбордук орунда турат. Көкөмерен дарыясындагы ГЭСтердин каскадын куруу долбоору стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниси жогору болгон долбоор болуп саналат жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген 2035-жылга чейинки Улуттук энергетика программасына киргизилген. Каскаддын үч станциясынын алдын ала белгиленген кубаттуулугу 1305 МВт түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу электр энергиясына ички суроо-талаптын өсүүсүн камсыздоого, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө электр энергиясынын экспортун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Евразиялык өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасы менен бул долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги каржылык өнөктөш болуп саналат. Меморандумга кол коюу негизги документтерди даярдоону, анын ичинде алдын ала технико-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну, каржылык-экономикалык моделди баалоону, социалдык жана экологиялык кесепеттерди талдоону, негизги техникалык чечимдерди аныктоону, ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик колдоо чараларын иштеп чыгууну караштырат.


«Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады» долбоору Евразиялык өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык комплексин өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялык мегадолбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал региондук кызматташууну өнүктүрүүгө жана аймактагы негизги социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын приоритеттерине жана 2022–2026-жылдарга ЕАӨБ стратегиясына толугу менен жооп берет. Бул стратегия гидроэнергетикалык инфраструктураны модернизациялоону жана жаңы энергетикалык объекттерди курууну камтыйт.



Онлайн кайрылуу