Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү MGP компаниясы менен биргелешкен өндүрүштү жана экспортту өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачты

Новости
12-Декабрь 2024-ж.
6866

2024-жылдын 12-декабрында Соода өкүлчүлүгү Өзбекстан рыногунда пюре, нектар, концентрат жана ширени өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Master Global Plyus (MGP) компаниясынын жетекчилиги менен жемиштүү жолугушуу өткөрдү.
 
 Жолугушуунун алкагында Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү компаниянын Өзбекстан Республикасынын Янгиюль шаарындагы заводуна барып, заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктар менен таанышты.
 
 Күн тартибинде — кызматташтыктын жаңы багыттары,
 Кыргыз бренди менен өндүрүш, MGP компаниясы кыргыз шире өндүрүүчүлөрүнө өзүнүн өндүрүштүк кызматтарын көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, бул алардын Өзбекстан рыногуна чыгуусун жеңилдетет жана логистикалык маселелерди чечет.
 
 Кыргызстандан мөмө-жемиш сатып алуу, Өзбекстанда түшүм жыйноо мезгили аяктагандан кийин, концентраттарды, ширелерди, нектарларды жана пюрелерди өндүрүү үчүн кыргыз жемиштерин (алма, шабдалы, кара өрүк, өрүк) сатып алууга даяр.
 
 Бул диалог экономикалык байланыштарды чыңдоо жана аймактык деңгээлде кыргыз продукциясын илгерилетүү үчүн келечектектерди ачат.
 
 Соода өкүлчүлүгү ата-мекендик бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантууда!

Онлайн кайрылуу