2024-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов АКШ Соода министрлигинин Коммерциялык кызматынын соода атташеси Эндрю Гласс жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчисинин орун басары Лиз Зентос менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы инвестициялык жана эки тараптуу кызматташтык маселелери, ошондой эле экономиканын ар кандай тармактарында өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Министрдин орун басары эки тараптуу соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, АКШ менен Кыргызстан ден соолук, билим берүү, аялдардын ишкердүүлүгү сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдө, анын ичинде АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) ишке ашырган долбоорлордун алкагында ийгиликтүү кызматташуу тажрыйбасына ээ экенин баса белгиледи. Ошондой эле энергетика, финансы жана банк секторлору, инвестициялар сыяктуу багыттар боюнча америкалык компаниялар менен активдүү иш алып барылып жатканын белгиледи.
Санжар Болотов кызматташуунун бар болгон механизмдерин белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын сунуштады жана эки тараптуу экономикалык кызматташууну активдештирүү үчүн бир катар конкреттүү чараларды жарыялады.
Тараптар IT секторунда, анын ичинде блокчейн жана криптовалюталар, энергетика, туризм, венчурдук инвестициялар, текстиль өнөр жайы жана башка тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелери каралды. Катышуучулар чакан жана орто ишканалардын ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн, эки өлкөнүн компанияларынын түз байланыштарын орнотууга жардам берүүчү конкреттүү бизнес-форумдарды уюштуруунун зарылдыгы, ошондой эле республикага технологияларды, инновацияларды жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча макулдашышты.