Коррупциялык аялуу жактарды азайтуудагы секторалдык мамиле: мамлекеттин жана коомдун ролу

Новости
11-Декабрь 2024-ж.
13292

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Назгуль Сыдыгалиева 2024-жылдын 10-декабрында «Жаңы реалдуулукта коррупцияга каршы аракеттенүү» темасындагы тегерек үстөлгө катышты. Иш-чара М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети жана Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети тарабынан уюштурулуп, жыл сайын 9-декабрда белгиленчү Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган.

Коррупция маселеси укуктук гана эмес, социалдык-саясий мүнөзгө ээ. Ошондуктан мамлекет тарабынан ар кандай деңгээлдеги чараларды көрүү зарыл: саясий, экономикалык, укуктук, адеп-ахлактык жана психологиялык. Бул чаралар коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жана коомду анын түрдүү көрүнүштөрүнөн коргоого багытталган. Көптөгөн мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, коррупцияны толугу менен жоюу мүмкүн эмес. Бирок аны көзөмөлдөп, чектөө боюнча чараларды ишке ашыруу укуктук жана уюштуруучулук реформалардын алкагында толук мүмкүн.

Жогорку окуу жайларынын студенттери жана өкүлдөрү үчүн Назгуля Сыдыгалиева мамлекеттин жана коомдун ар кандай секторлорунун коррупциялык аялуу жактарды азайтуудагы ролу тууралуу презентация жасады. Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзүп жатканына карабастан, коррупциянын көрүнүштөрүнө дагы эле алсыз болуп жатат. 2023-жылдагы Коррупцияны кабылдоо индексине ылайык, өлкө 100 баллдын ичинен 26 баллга ээ болуп, 2022 жана 2021-жылдардагы көрсөткүчтөн 1 баллга төмөндөгөн жана 180 өлкөнүн ичинен 141-орунду ээлеген.

Коррупцияга каршы күрөштөгү сектораралык мамилелер тууралуу сөз кылып, ал мындай ыкмалар коомдун ар кандай секторлорун улуттук антикоррупциялык стратегиянын алкагында тартууга багытталган чаралар жана стратегияларды камтый турганын белгиледи.

Талкуу учурунда секторалдык мамилелердин негизги багыттары аныкталды, алар:

  • институционалдык жана укуктук негиздер,
  • ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу,
  • ишкерлер менен кызматташуу,
  • эл аралык кызматташуу,
  • антикоррупциялык билим берүү жана агартуу, бул коррупцияга чыдамсыздык маданиятын калыптандыруунун кепилдиги болуп саналат.

Ар бир багыттын алкагында эл аралык деңгээлде таанылган талаптар жана принциптер каралды.

Сунушталган мисалдарда мамлекеттин сектораралык мамилелерди көрсөтүүчү ийгиликтүү:

  • «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы
  • тышкы соода тармагындагы «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы
  • Кыргыз Республикасынын «Жеке адамдардын мүлктөрүн ыктыярдуу мыйзамдаштыруу жана амнистиялоо жөнүндө» мыйзамы сыяктуу демилгелери камтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана студенттери ар бир мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын алкагында антикоррупциялык саясатты ишке ашыруудагы ролун, ошондой эле жер-жерлерде адилеттүүлүктү камсыз кылуу зарылдыгын түшүнүштү. Айрыкча Экономика жана коммерция министрлигинде коррупциянын алдын алуу боюнча системаларды киргизүү мисалдары баса белгиленди. Бул системалар коррупциялык тобокелдиктерди башкарууну, кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салууну жана кызмат адамдарынын этикалык нормаларын сактоону камтыйт. Бул аспекттер түздөн-түз инсандык баалуулуктарга, адеп-ахлактыкка жана нравалыкка байланыштуу.


Онлайн кайрылуу