Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс маалымат

Новости
10-Декабрь 2024-ж.
13750

2024-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүүнү улантууда, бул ата мекендик өндүрүштүн кеңейиши, экспорттун жана инвестициянын өсүшү менен шартталган.

2024-жылдын январь-ноябрь айлары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 1226,0 млрд сомду, ал эми реалдуу өсүү темпи 109,0%ды (2023-жылдын январь-ноябрь айларында – 104,4 %) түздү.

Экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 32,6 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 8,1 %га, өнөр жайда – 4,5 %га, айыл чарбасында – 6,2 %га өскөн. 


ИДПны түзгөн тармактар боюнча түзүмү жана өсүү темптери[1]


Көрсөткүчтөр

2023-жылдын январь-ноябры  

2024-жылдын январь-ноябры  

факт
 (млн. сом)

өсүү темпи
 (%)

ИДПга  % менен

факт
 (млн. сом)

өсүү темпи
 (%)

ИДПга  % менен

ИДПнын өсүүсүнө кошкон салымы  п.п

ИДП

1 072 589,9

104,4

100,0

1 225 950,6

109,0

100,0

9,0

Өнөр-жайы

173 186,0

101,6

16,1

205 716,7

104,5

16,8

0,73

Айыл чарбасы

112 680,2

100,3

10,5

115 947,7

106,2

9,5

0,65

Курулуш

63 215,4

114,3

5,9

90 433,5

132,6

7,4

1,92

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү

535 165,3

105,6

49,9

612 812,8

108,1

50,0

4,04

Продуктуга таза салык

188 343,0

103,1

17,6

201 039,9

109,6

16,4

1,69


Өнөр жай. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 513,3 млрд сомго продукция өндүрүлдү. 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмү 4,8 %га өстү (2023-жылдын январь-ноябрында өсүү 2,1 %ды түзгөн).

Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү эң жогорку салыштырма салмагы менен иштетүүчү өндүрүштө (77,7%) 2024-жылдын январь-ноябрында продукциянын көлөмү 398,7 млрд.сом суммасында түзүлдү жана 2023-жылдын ушул мезгилине карата физикалык көлөмдүн индекси 103,7% ды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү 2023-жылдын январь - ноябрына салыштырмалуу тазаланган мунайзаттарды өндүрүү көлөмүнүн 1,8 эсеге, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык иш - аракетти - 31,4% га, тамак - аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын - 20,1% га, фармацевтикалык продукцияны-12,3% га, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын-9,9% га, ошондой эле текстиль өндүрүшүндө жана кийим-кече өндүрүшүндө-13,8% га көбөйүшү камсыз кылынды. Ошону менен бирге, Кумтөр кенинде продукцияны өндүрүү көлөмүнүн пландуу төмөндөшүнүн эсебинен негизги металлдарды өндүрүүдө көлөмдөрдүн 5,9% га төмөндөшү белгиленди, бул негизинен рудада алтындын курамы кыйла төмөн зонаны өздөштүрүү менен шартталган.

Тоо-кен казып алуу тармагында (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 10,8 %) 2024-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш көлөмү 55,3 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 101,8 %ды түздү. Тоо-кен өндүрүшүнүн көлөмүнүн орточо өсүшү чийки мунай жана жаратылыш газын өндүрүүнүн басаңдашы менен шартталган.

Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 10,6 %) 2024-жылдын январь-ноябрь айларында өндүрүш көлөмү 54,2 млрд сомду түзүп, электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 15,4 %га өсүшүнүн эсебинен 14,1 %га өстү.

Суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо, иштетүү жана экинчи чийки заттарды алуу тармагында (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 1,0 %) өндүрүш көлөмү 17,8 %га өстү. Бул негизинен сууну чогултуу, тазалоо жана бөлүштүрүүнүн 7,6 %га жогорулашы менен шартталган.

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,73 пайыздык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 16,8 %ды түздү.

Айыл чарбасы. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 369,6 млрд сом суммасында өндүрүлгөн. 2023-жылдын тиешелүү мезгилине карата реалдуу өсүш темпи 106,2% ды түздү. 

Айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоочулуктун дүң продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү 2023-жылдын январь – ноябрына салыштырмалуу өсүмдүк өстүрүү өндүрүшү катары өндүрүштүн 9,2% га көбөйүшү, буудай өндүрүүнүн 1,5 эсеге, арпанын – 1,6 эсеге, мөмө – жемиштердин – 27,1% га, май өсүмдүктөрүннүн – 20,1% га, бакча өсүмдүктөрүнүн – 19,1% га, жашылчалардын – 1,6% га, кант кызылчасынын – 40,2% га, ошондой эле мал чарба продукцияларынын – 2,9% га көбөйгөндүгүнүн эсебинен , жумуртка өндүрүүнү 15,0% га, сүттү 2,3% га жана этти 2,6% га көбөйтүүнүн эсебинен камсыздалды.

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүдөгү жогорку көрсөткүчтөр (9,2% га) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы жана айдоо аянттарынын көбөйүшү менен шартталган. Бул жылы түзүлгөн жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттары,  айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн аныктоочу болуп калды. 

Бүгүнкү күндө республика боюнча дан эгиндерин жыйноо 660,5 миң га аянтта жүргүзүлдү, бул жалпы аянттын 99,6% ын түзөт.

Буудайдын түшүмү толугу менен аяктады, анын аянты 240,5миң ганы түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 37,8 миң гага көп. Орточо түшүмдүүлүк 30,0 ц/ганы түзүп, 2023-жылга караганда 6,6 ц/гага жогору болду. Ошондой эле 245,9 миң га аянтта арпа жыйналып бүттү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 44,6 миң гага көп болду. Түшүмдүүлүк 26,0 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,9 ц/га жогору болду. Дүң жыйым 638,3 миң тоннаны түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 214,0 миң тоннага көп. Ошондой эле 53,0 миң га аянт буурчак өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады. Түшүмдүүлүк 14,8 ц/ганы түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 ц/гага жогору болду. Дүң жыйым 78,3 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу  11,9 миң тоннага көп болду. 

Жашылчалардын дүң жыйымы 1 452,3 миң тоннаны, бакча өсүмдүктөрү – 336,5 миң тоннаны түздү. Май өсүмдүктөрүн жыйноо 13,8 миң га аянтта жүргүзүлдү, түшүмдүүлүк 11,2 ц/га, дүң жыйноо 15,4 миң тоннаны түзөт. Кант кызылчасы 13,2 миң гектрдан жыйналды, орточо түшүмдүүлүк 655,8 ц/га түзүп, 2023-жылга караганда 182,9 ц/га жогору болду. Дүң жыйым 866,9 миң тоннаны түзүп,   2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу   245,8 миң тоннага көп. Быйыл бул багытта түшүмдүүлүк жогорку деңгээлде болду.

Айыл чарба тармактарын каржылоо боюнча мамлекеттик колдоо уланууда. 2024-жылдын 6-декабрына карата абал боюнча "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында республиканын 11 152 айылдык товар өндүрүүчүлөрү 4 153,82 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар менен каржыланган, анын ичинде: "мал чарба" тармагы боюнча 9 726 субъект 3 972,3 млн сом суммасында; "өсүмдүк өстүрүү" тармагы боюнча 1 426 субъект 473,8 млн сом суммасында. Бул долбоорду ишке ашырууда насыялоо көлөмү 5,0 млрд сомду түзгөн "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК катышууда. 

Агрардык сектор тарабынан ИДПны түзүүгө салым 0,65 пайыздык пунктту түздү, ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 9,5% ды түздү.

Курулуш. 2024-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 214,5 млрд сомду түзүп, 47,3 %га өстү (2023-жылдын январь-ноябрында 17,8%га өскөн) 

2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 1,4 эсеге жана тышкы каржылоо булактарынын 1,8 эсеге өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.  

2024-жылдын январь-ноябрында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 82%га жакыны) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2024-жылдын январь- ноябрында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 219,0 млрд сомду түзүп, 32,6 %га өстү (2023-жылдын январь-ноябрында 14,3 %га өскөн). 

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 1,92 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 7,4%ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлейт, анын ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 50,0% ды түзүп, экономикалык өсүштө 4,04 пайыздык пункттун ээлеп, эң чоң салымды камсыз кылат.

2024-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча дүң продукциянын көлөмү 992,7 млн сомду түздү жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2% га өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жогорку өсүш калктын кирешелеринин көбөйүшүнүн жана ишкерликке колдоо көрсөтүү чараларынын эсебинен шартталды.

Калктын акчалай кирешелеринин көбөйүшү (2024 – жылдын 10 айында орточо айлык эмгек акынын номиналдуу өлчөмү 12,2% га, пенсиянын орточо өлчөмү-18,0% га өстү), акча которуулардын агымы (14,5% га көбөйдү), керектөө кредиттеринин көлөмү (2024 -жылдын 10 айында - 1,6 эсе) ички суроо-талапка колдоо көрсөтөт, ошого жараша дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 15,7% га көбөйүп, 344,8 млрд сомду түздү. Дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшүнүн көбөйүшү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо негизинен дүң (25,6% га) жана чекене (12,3% га) сооданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болду.

Транспорттук ишмердүүлүктүн жана жүктөрдү сактоонун дүң көлөмү 80,0 млрд сомду түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 5,2 % га көбөйдү.

2024-жылдын январь-ноябрь айларында мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын дүң көлөмү 42,9 млрд сомду түздү жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,9% га өстү.

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 43,9 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 111,6% түздү.

2024-жылы Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдашы байкалды. Керектөө бааларынын индекси 105,4 %ды түздү (2024-жылдын ноябрь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу), 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 106,9 %ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-ноябры 2023-жылдын январь-ноябрына) 104,9 %ды түздү, 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 111,1 %ды түзгөн.

Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 10,6 %га, азык-түлүк эмес товарларга - 4,9 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,8 %га, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 7,9 %га жогорулады.

Бул мезгилде картошканын (23,1 %га), балмуздактын (14,1 %га), табигый аары балынын (13,3 %га), жаңы эттин (12,2 %га), малдын тоң майынын (11,7 %га), туздун (8,7 %га), майлуу быштактын (8,5 %га), ак каймак майдын (8,4 %га), кондитердик азыктардын (7,4 %га), балыктын (6,4 %га), манна акшагынын (5,3 %га), жогорку сорттогу ундун (5,7 %га), алкоголсуз суусундуктардын (5,6 %га), бышырылган нан азыктарынын (5,5 %га), орто дандуу күрүчтүн (4,1 %га), сырдын (3,8 %га), майлуулугу 2,5-3,2% болгон пастеризацияланган сүттүн (3,7 %га) жана күнкарама майынын (2,9 %га) баалары эң көп кымбаттады. Муну менен катар, гречка акшагынын (17,6 %га), жаңы бышкан жемиштердин (14,9 %га), куюлуп сатылуучу сүттүн (5,4 %га), жаңы бышкан жашылчалардын (4,9 %га), варенье, джем, повидлонун (2,9 %га), тоок жумурткасынын (2,6 %га), биринчи сорттогу ундун (2,4 %га) жана пахта майынын (0,5 %га) бааларынын төмөндөшү катталган. 

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-октябрь айларында 36 002 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,2 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 7,1 %га өстү. 

2024-жылдын январь-октябрында мурунку жылдын январь-октябрына салыштырганда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (31,0 %), курулуш (28,2 %), башка тейлөө ишмердиги (24,3 %), кыймылсыз мүлк операциялары (24,3 %), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (24,2 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (21,9 %), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (21,6 %), пайдалуу кендерди казуу (21,3 %) чөйрөлөрүндө байкалды.

Тышкы  жана өз ара соода жүгүртүү. 2024-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын тышкы  жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 13,4 млрд.  АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 6,4 %га өстү. Cоода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 23,3 %ды, импорт 76,7 %ды түздү.

Экспорттук берүүлөрүнүн көлөмү 3,1 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 25,2 %га өстү. Өлкөнүн экспортунун өсүшүнүн негизги себеби мурдагыдай эле алтын болуп саналат, анын үлүшү экспорттолуучу продукциянын жалпы көлөмүнүн 34,1 % ын түзөт. Алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү 2,1 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 21,9 %га өстү. ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттун көлөмүнүн өсүшү экспорттун жалпы көлөмүнө олуттуу таасирин тийгизет.

Ал эми импорттолгон товарлардын көлөмү 10,3 млрд. АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,8  %га өстү. 

Импорттун көлөмүнүн өсүшүнүн басаңдашы үчүнчү өлкөлөр менен сооданын өсүшүнүн начарлашы менен байланыштуу, бул соода операцияларына олуттуу таасирин тийгизген эл аралык санкциялардын натыйжасы.

2024-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 4,2 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 13,7 %га өстү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,8 %) жана Казакстанга (26,4 %) туура келген.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 9,2 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,4 %га өстү.

[1] Өсүү темптери ДКН негизинде берилген.

Онлайн кайрылуу