Данияр Амангельдиев Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу жолукту.

Новости
09-Декабрь 2024-ж.
13399

2024-жылдын 9-декабрында #КРЭКМ экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси айым Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу анын дипломатиялык миссиясынын аякташы менен байланыштуу болду.  

 Министр Ду Дэвэнь айымды миссиясынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, анын эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгиледи.

 Бул мамилелер анын аракеттеринин жана эки өлкөнүн лидерлеринин колдоосу менен бекемделген. 

  Данияр Амангельдиев анын ишмердүүлүк учурунда ишке ашырылган негизги биргелешкен долбоорлорду баса белгиледи, алардын ичинде:  - «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча Келишимге кол коюу;  - Пекин, Сиань, Үрүмчү жана Чэнду шаарларына түз аба каттамдарын ачуу;  - Кыргызстан менен КЭРдин мамлекеттик чек арасындагы «Бедель» жаңы көзөмөл өткөрүү пунктунун ишке кириши;  - «Бедель» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү «Барскоон-Учтурфан-Аксу» автожолун куруу долбоорунун башталышы;  - Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Жунда» заводу ачылды;  - «Манас» соода-логистикалык шаарынын курулушуна капсула коюу аземи өткөрүлдү.  

 Министр ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн 2019-2023-жылдар аралыгында үч эсе өскөнүн белгилеп, бул эки тараптуу экономикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн тастыктаарын айтты.   

Данияр Амангельдиев эки тараптын каржы тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, бул инвесторлор, соода өкүлдөрү жана бизнес түзүмдөрү үчүн операциялык процедураларды жеңилдетүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.

 Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында лабораторияларды ачуу жана Кытайдын провинциялары менен тыгыз кызматташууну күчөтүү маселелери көтөрүлдү.   

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Данияр Амангельдиев Ду Дэвэнь айымга жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. 

Онлайн кайрылуу