Кыргызстандын жаңгагын Түркияга жеткирүү талкууланды

Новости
09-Декабрь 2024-ж.
15581

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 2024-жылдын 5-декабрында Анкаранын кургатылган кофе жана кургатылган жемиштер палатасынын төрагасы Айтач Севимли жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Күн тартибинде Кыргызстандан Түркия рыногуна органикалык жаңгактарды жеткирүү маселелери талкууланды. 

Тараптар логистика, сапат стандарттары жана продукцияны ишке ашыруу шарттары боюнча пикир алмашышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз продукцияларын алдыга жылдыруу максатында коммерциялык сунушту презентациялоону даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди. 

Ошондой эле түрк делегациясынын өндүрүш процесстери менен таанышуу жана эки тараптуу кызматташуунун потенциалын изилдөө үчүн Кыргызстанга визитин уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. 

2024-жылдын 6-декабрында Түркиянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо башкармалыгы («KOSGEB») менен жолугушуу өттү. 

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жумушчу тобу менен кызматташуу перспективалары талкууланды. «KOSGEB» Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кызматташтык жөнүндө меморандум түзүүгө даярдыгын билдирди.

 Бул кадам чакан жана орто бизнести колдоо жаатында тажрыйба алмашууну активдештирип, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат. Эки жолугушуу тең соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыкчылыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп, өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 

Онлайн кайрылуу