Шифрлоо каражаттарын "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" системасы аркылуу кантип жеңилдетип каттаса болот?

Новости
06-Декабрь 2024-ж.
15484

#КРЭКМ караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы (БТБ МИ) 2024-жылдын 5-декабрынан тартып "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасына (БТМС) шифрлоо (криптографиялык) каражаттары жана алар камтылган товарлар боюнча электрондук Нотификацияларды каттоо үчүн жаңы функционалды ишке киргизди. 
 Эми сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн катышуучулар Нотификацияларды БТМС аркылуу электрондук форматта каттай алышат.
 Бул функционал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-апрелиндеги №157 токтомуна ылайык иштелип чыгып, уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган.
 
 Шифрлоо каражаттары боюнча нотификация деген эмне?
 Нотификация – бул шифрлоо (криптографиялык) каражаттары жана алар камтылган товарлар тууралуу мамлекеттик органдарга каттоо же маалымдоо үчүн берилүүчү билдирүү.
 Шифрлоо каражаттарынын мисалдары: 
 • маалыматты коргоо боюнча программалык камсыздоолор (антивирустар, шифрлөө системалары);
 • Криптографиялык модулдары бар түзмөктөр (смартфондор, роутерлер);
 • Шифрлөө компоненттери бар жабдыктар (серверлер).
 
 Нотификация эмне үчүн керек?
 • Мыйзам талаптарын сактоо үчүн.
 • Шифрлоо каражаттарынын айлануусун көзөмөлдөө үчүн.
 • Эл аралык операцияларды жеңилдетүү үчүн: товарлардын мыйзамдуулугун жана сертификатташтырылгандыгын тастыктоо.
 
 Кантип каттоо керек?
 БТБ МИ сервистик борборлору аркылуу:
 • Бишкек ш., Ибраимов көч., 152 (КТБ, 2-кабат);
 • Ош ш., Масалиев проспекти, 75.
 Онлайн, өз алдынча:
 • Вебсайттан катталыңыз: https://signup.trade.kg/.
 • Жеке кабинет аркылуу өтүнмө бериңиз.
 
 Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди ишке ашырууну улантууда.
 Суроолоруңуз болсо, 0(312) 90-26-40, эл.дарекinfo@trade.kg аркылуу кайрылыңыз. Сайт: trade.kg

Онлайн кайрылуу