Экономика министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тармактар аралык мамилелер талкууланды

Новости
06-Декабрь 2024-ж.
13344

Бүгүн, 2024-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде «Кыргыз Республикасындагы коррупциялык аялуу жерлерди азайтуудагы тармактар аралык мамилелер» аттуу антикоррупциялык семинар өткөрүлдү. Иш-чара коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Назгуль Сыдыгалиева тарабынан уюштурулуп, жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө арналды.
 
 Семинарга министрликтин жана анын түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
 
 Кыргыз Республикасы 2005-жылы БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын ратификациялаган, бул паракорчулук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн маанилүү кадамы болгон. Ошентсе да, коррупцияны кабыл алуу деңгээли көйгөй бойдон калууда: 2023-жылы Кыргызстан Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 100 баллдан 26 балл топтоп, 180 өлкөнүн ичинен 141-орунду ээледи.
 
 Семинар мамлекет менен коомдун коррупцияга каршы күрөшүүдө ордун талкуулоого арналды. Айрыкча, мамлекеттик, жеке, жарандык жана эл аралык секторлордун күч-аракеттерин бириктирген тармактар аралык мамилелерге өзгөчө көңүл бурулду. Бул мамилелер улуттук антикоррупциялык стратегиянын алкагында ишке ашырылат.
 
 Иш-чарада төмөнкү негизги багыттар каралды:
 - институционалдык жана укуктук негиздерди өнүктүрүү;
 - ачыктыкты жана жоопкерчиликти жогорулатуу;
 - бизнес менен кызматташуу;
 - эл аралык өз ара аракеттенүү;
 - антикоррупциялык билим берүү жана агартуу.
 
 Тармактар аралык мамиленин натыйжалуулугун көрсөткөн ийгиликтүү демилгелердин мисалдары:
 - ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы «Түндүк»;
 - тышкы соодадагы «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы;
 - Кыргыз Республикасынын «Физикалык жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана амнистиялоо жөнүндө» Мыйзамы.
 
 Катышуучулар антикоррупциялык чараларды ишке ашыруу, ведомстволук пландарды иштеп чыгуу жана иш-чараларды аткаруу механизмдери боюнча жумушчу маселелерди талкуулашты. Айрыкча, кызмат адамдарынын этикалык нормаларын сактоого басым жасалды, бул коррупцияга чыдамсыздык маданиятын калыптандыруунун негизи болуп саналат.
 
 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги коррупциялык аялуу жерлерди азайтуу жана мамлекеттик институттарга жарандардын ишенимин бекемдөө боюнча иш-чараларды активдүү ишке ашырууда. Ар бир жаран өз кайрылуусун министрликтин mail@mineconom.gov.kg электрондук почтасына жөнөтө алат.
 
 

Онлайн кайрылуу