Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Иран элчиси менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Новости
06-Декабрь 2024-ж.
15628

Бүгүн, 6-декабрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Иран Ислам Республикасынын элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун негизги маселелерин талкуулашты.


Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл Кыргыз-Иран Инвестициялык кеңсесин ачуу маселесине бурулду. Бул кеңсе Кыргызстан экономикасынын артыкчылыктуу секторлоруна ирандык инвестицияларды тартуунун маанилүү куралы болот.


Данияр Амангельдиев эки тараптуу соода жүгүртүүнүн оң динамикасын белгилеп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын билдирди. Бул агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.


Жолугушуунун соңунда министр конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Онлайн кайрылуу