2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түркия Республикасында жана анын жакынкы өлкөлөрүндө Кыргызстандын соода миссиясы уюштурулуп, өткөрүлөт

Новости
06-Декабрь 2024-ж.
17494

2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү менен «Кыргызэкспорттун» ортосунда видеоконференция форматында жумушчу жыйын өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын товарларын Түркия рыногунда илгерилетүүгө жана кызматташууну күчөтүүгө багытталган.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар

  • Кыргызстандын товарларынын Түркияга экспортуна мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү;
  • эки өлкө ортосундагы соодадагы тоскоолдуктар жана аларды жоюу жолдорун;
  • Түркиядан Кыргызстанга алдыңкы технологияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн;
  • Кыргызстанда экспортко багытталган жаңы компанияларды түзүү үчүн инвестициялар тартууну;
  • эки тараптуу кызматташтыктагы башка маанилүү маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түркия Республикасында жана анын аймактарында соода миссиясын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул миссиянын алкагында:

  • «Кыргызэкспорт» өлкөнүн экспорттоочуларынын продукцияларын топтоо жана Түркияга жеткирүү маселелерин чечет;
  • Соода өкүлчүлүгү кыргыз товарларынын көргөзмөсүн уюштуруп, алардын эл аралык рыноктордогу катышуусун кеңейтет.

Тараптар кошумча кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришип, Кыргызстан менен Түркия ортосундагы экономикалык байланыштарды тереңдетүү боюнча ишенимин билдиришти.