Кыргызстан менен Кореянын өнөктөштүгүн бекемдөөчү меморандумдарга кол коюлду

Новости
04-Декабрь 2024-ж.
9253

2024-жылдын 4-декабрында КР Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Корея Республикасынын бизнес-коомчулугу менен жолугушуулар өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган төмөнкү меморандумдарга кол койду:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Sejin G&E Co. Ltd компаниясынын ортосунда «Ош шаарындагы санитардык таштанды полигонунда таштанды газынын негизинде электр станциясын куруу жана көмүртек чыгындыларын азайтуу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Blue Networks Co., Ltd компаниясынын ортосунда электрозаряддык станцияларды куруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен ECOVICE Origin жана SUNJIN Engineering&Architecture компанияларынын консорциумунун (ЭКОВИС ОРИДЖИН жана СЕНЖИН Инжиниринг & Констракшн Ко., Лтд) ортосунда логистикалык борборлорду куруу тармагында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Elec-Cube Co., Ltd (Элек-кюб Ко., Лтд) компаниясынын ортосунда мейманканаларды куруу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Silicon2 Co., Ltd (Силикон Ту Ко., Лтд) компаниясынын ортосунда косметикалык продуктуларды өндүрүүчү заводдорду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Wookyung Construction Co., Ltd (У-кёнг Констракшн Ко., Лтд) компаниясынын ортосунда жол куруу жана тоо-кен иштетүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен Корей соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (KOTRA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен Корей импортерлор ассоциациясынын (KOIMA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен Корей эл аралык соода ассоциациясынын (KITA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул документтерди ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет. Алар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөт.

Онлайн кайрылуу